Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламентте Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден «Турак-жайларыңар кимге катталган?» деп сурашты

Мукамбет Касымалиев кызынын атына катталган батирде жашарын айтып жооп берген

Бүгүн парламентте депутаттар Жогорку соттун Конституциялык палатасына үч судьяны тандашууда. Жогорку Кеңешке үч талапкер: Меергүл Бобукеева, Латип Жумабаев жана Мукамбет Касымалиев чакырылган.

Депутат Сайдулла Нышанов Латип Жумабаевден мүлктөрүн алдын ала туугандарына каттатып коюп, муну менен салык декларацияларында аларды көрсөтпөгөн аткаминерлер туурасында кандай пикирде экенин сурады.

Буга Жумабаев мындай болбошу керектигин жана мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери ачык болууга тийиш экенин айтып жооп берди.

-Сиздин Бишкекте мүлкүңүз барбы? - деп Нышанов башка талапкер - Мукамбет Касымалиевге кайрылды. - Ал кимдин атына катталган?

Касымалиев кызынын атына катталган батирде жашарын айткан.

- Мына, бардыгында эле ушундай - үй же аялдарына же туугандарына катталган болот, мындай болбош керек да, - деп белгилеген депутат.

Башка эл өкүлү Бакирдин Субанбеков дагы Конституциялык палатага талапкерлерге суроо узатып, шайлоо босогосу боюнча алардын пикирине кызыкты.

- Биз Констициянын нормалары боюнча эмне туура келерин гана айта алабыз, ал эми кандай болгондо жакшы болот эле деп биз талкуулай албайыбыз, - деп жооп берди Меергуль Бобукеева.

Башка талапкерлер да бул боюнча өз пикирлерин айта алышпасын, анткени, бул парламенттин чечимине таасирин тийгизип коюшу мүмкүн экенин белгилеп, жооп берүүдөн баш тартышты.

- Эгерде силердин талапкерлигиңер жактырылса, ант бергенден кийин убада бергендей кызмат кылгыла, антпесе жоопкерчилик тартып каласыңар, - деп эскертти Субанбеков.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх