Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Турускулов: Бул жылы кар аз жаады, дыйкандар кургачылыкка даяр болушу керекпи?

Парламентте жазгы талаа жана чарбачылыш иштерине даярдык талкууланууда

2020-жылы Кыргызстанда кар аз жааганына байланыштуу, дыйкандар талаа иштери маалында суунун жетишсиздигине учурашы мүмкүн. Мындай пикир бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Бүгүн өкмөт парламентте жазгы талаа жана чарбачылыш иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу отчет берди.

- Биздин жыйынды дыйкандар кунт коюп угуп жатат деп ойлойм, андыктан, күйүүчү май, жер семирткичтер жана башка маселелерде көйгөй болбой турганы тууралуу маалыматты дагы бир жолу кайталап коюшуңуздарды суранам, - деди депутат Жыргалбек Турускулов. - Мындан сырткары, бул жылы кар аз жаады. Элдер суунун жетишсиздиге даяр болушу керекпи?

Суу ресурстары мамлекеттик агенттиктин өкүлү чындыгында эле бассейндерде суу өткөн жылга караганда аз экенин айтты.

- Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча бассейндерде суу нормадан аз, башкача айтканда өткөн жылга салыштырмалуу суу азыраак болот, - деп тактады аткаминер.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх