Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага кетти

  • 193 жолу кароо

Кыргызстандын президенти Владимир Путин, Михаил Мишустин жана Дмитрий Медведев менен жолугат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Иш сапардын алкагында, Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарындагы ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх