Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү: Карамушкина баарын тажатты. Камап салып, бошотпой койгула

Адил Турдукулов тамашалуу билдирүүсү менен Ирина Юрьевнаны таарынткысы келбегенин айтты

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Twitter социалдык тармагында ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын «Алмазбек Атамбаевдин ордуна түрмөгө мен отурайын» деген билдирүүсүнө жооп жазган.

Турдукулов «Карамушкина менен кандайдыр-бир деңгээлде макулмун» деп жазган.

«Экс-президенттин ордуна Сегизбаев экөөнү камап койгула. Анан чыгарбагыла, антпесе, баарын тажатты», - деп жазган ал.
Бир аздан кийин Турдукулов бул «твитти» тамаша иретинде жазганын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мен Ирина Юрьевнаны таарынтайын деген эмесмин, - деди ал. - Тескерисинче, ал Алмазбек Шаршенович үчүн аягына чейин турууга даярлардын бири деп эсептейм.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлап кеткенине байланыштуу, анын ордуна түрмөгө жатууга даяр экенин жазган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх