Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев Бекболот Талгарбековду туулган күнү менен куттуктады (фото)

Ушул күндөрү Кыргызстанга мурдагы президенттин жардамчыларынын бири келип, туулган күн ээсине колго жазылган кат жана китептерди берген

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбековду 65 жашы менен куттуктады.

Талгарбеков өзү мурдагы өлкө башчы ага куттуктоо катын жана белектерин жибергенин Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Бир аз күн мурда Акаевдин жардамчыларынын бири келген, - деди Талгарбеков. - Ал мага кат жана Александр ll жана Гейдар Алиев жөнүндө китептерди жибериптир.

Акаев жазган катында Талгарбеков өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, муну ал жакында эле жарыялаган программасы да ырастарын айткан.

«Эгерде өлкө жетекчилиги бул программаны колдонсо, анда Кыргызстан гүлдөп-өсүп, жарандардын жашоосу оңолмок. Жараткан сага ден-соолук жана күч берсин! Сен бүгүн элиңе керексиң. Дагы бир жолу чын жүрөктөн туулган күнүң менен куттуктайм», - деп жазган Акаев.

Аскар Акаев менен Бекболот Талгарбеков 30 жылдан ашык убакыттан бери тааныш экени айтылат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх