Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Сыдыгалиев: Келе жаткан парламенттик шайлоодо акча роль ойнобойт

Парламент мүчөсү кыргызстандыктар шайлоого акыл-эс менен мамиле кылып калышканына чын ниеттен ишенет

Келе жаткан парламенттик шайлоодо Кыргызстанда акча роль ойнобойт, анткени, жарандар шайлоого акыл-эс менен маани бере башташты. Мындай пикирин журналисттерге берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

- Кандай партиялар утат азырынча айтуу кыйын, саясатта өзгөрүүлөр али алдыда, - деп белгиледи эл өкүлү. - Менимче, күзүндө өтө турган шайлоодо акча эч кандай мааниге ээ болбойт, анткени, жарандардын эстүүлүк сезими өсүүдө. Андыктан, өзгөчө ролду партиянын таасири ойнойт. Жарандар элге жакын жана мыкты программага ээ саясий бирикмелерди колдойт.

Сыдыгалиев, мындан сырткары шайлоо босогосунун 7 пайызга азайышын колдоорун белгиледи.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх