Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Активист: Мага УКМКдан телефон чалышып, 2-марттагы митинг тууралуу сурашты

Айкут Конушбай күч кызматкерлерине «олуттуураак маселелер менен алектенүүгө» кеңеш берди

Жарандык активист Айкут Конушбай ага ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү телефон чалып, 2-мартта Бишкекте белгиленген митинг тууралуу суроо беришкенин Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында ага алгач УКМКнын кызматкери чалып, боло турган нааразычылык акциясынын уюштуруучусу ким экенин сураган.

- Алгач мага УКМКдан чалышып, 2-мартта эмне кыла турганымды сурашты, - деди Конушбай. - Уюштуруучулар ким экенине кызыгышты. Мен уюштуруучалар ким экенин билбесимди айтып, бирок, митингге барам дедим.

Активист тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине «олуттуураак» маселелер менен алектенүүгө кеңеш берген.

- Андан көрө маанилүүрөөк маселелер менен көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштешсе болмок, - деп белгиледи ал. - Эмнеге мынтип жатышат түшүнбөйм.

Эске салсак, 2-мартка Бишкек шаарында камактагы ЖКнын мурдагы экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоого арналган нааразычылык акциясы белгиленген. Мындан сырткары, митингде чек арадагы көйгөйлөр жана башка маселелер көтөрүлөт.

Жарандык активист Айкут Конушбай бир катар жолу демонстрацияларга катышып келген. Ал эки REакция митингинде катышкан. Акыркы жолу мурдагы вице-премьер-министр Жеңиша Разаковдун кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциясына чыккан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх