Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асанов: Ал күнү мен тынчтык жолу менен ишти бүтүрөйүн дегем. Бирок, айрым адамдар мени укпай коюшту

Курсан Асанов: Ал күнү мен тынчтык жолу менен ишти бүтүрөйүн дегем. Бирок, айрым адамдар мени укпай коюшту

«Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкулов эмне болду. Эми анын ден соолугуна ким жооп берет? Же Кашкар Жунушалиевби?»

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге сатылбаганын билдирди.

Биринчи май райондук сотунда ал эмне үчүн Кой-Таштагы чабуулдун жүрүшүндө Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин өзү колуна алганын айтып берди.

- Мага Атамбаевди күч менен суракка алып келүү тапшырмасын беришти, - деп тактады ал. - Эгерде ал жерде калган спецназдын куралынан ок чыкса, канча кан төгүлөт эле? Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкулов эмне болду. Эми анын ден соолугуна ким жооп берет? Же Кашкар Астаканович жооп береби? Же буйрук берген киши жооп береби? Мен ал күнү тынчтык жолу менен ишти бүтүрөйүн дегем. Бирок, айрым адамдар мени уктпай коюшту.

Асанов «жогору» жактын буйругун күтүп отура бербей, аракет көргөнүн кошумчалады.

- ИИМнин бардык кызматкерлери кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөнүн белгилегим келет, - деп белгиледи ал. - Мен абал көзөмөлдөн чыга баштагын көрүп жаттым. Менин башкы максатым - элимдин тынчтыгы болду. Ошондой эле башка адамдардын бул учурда абалдан пайдаланып кетишин каалаган жокмун. Мен жогору жактын буйругун күтүп отурган жокмун. «Курсан Асанов милицияны сатты» деп жатышат. Бирок, мындай болгон.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх