Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов: Эркектер, бет каптарыңарды чечип келгиле. Сүйлөшөлүк

Депутат Бишкектеги аялдардын жүрүшүн үзгүлтүккө учураткан провокаторлорду кыргыздын жигиттери деп айтууга оозу барбасын жашырган эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кечээ аялдар жүрүшүнүн катышуучуларына кол салган калпакчан эркектерди катуу сынга алды.

Парламент мүчөсү алардын аракеттерин туура эмес деп баалап, сүйлөшүүгө келүүгө чакырган:

«Биз, кыргыздын жигиттери кечээ аялзатын эл аралык майрам менен кызуу куттуктап жаттык.

Ушул маалда менин зээнимди кейиткен окуя орун алды.

Качан кыргыздын жигиттери, башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап аялдарды сабачу эле? Бул жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык. Кыргыздын жигиттери эли-жерин, аялдарын коргогон эр жигит эр четинде .

Урматтуу жигиттер, силердин жасаганыңар таптакыр туура эмес. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү бул алсыздык. Мен силерди кыргыздын жигиттери деп атоого да тилим барбайт.

Кыйын болсоңор, бет кабыңарды чечип, келгиле, сүйлөшөлү», - деген депутат.

Эске салсак, 8-мартта жыл сайын өтүүчү сексизхмге жана аялдарга карата зомбулукка каршы жүрүш өтмөк. 30га жакын бет капчан, башына калпак кийген эркектер жүрүштүн катышуучуларына кол салып, алардын плакаттарын айрып, транспаранттарын сындырып салышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх