Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Ноорузга арналган массалык иш-чаралар өтпөй калды

Ошондой эле вице-премьер-министр жарандарды той өткөрүүнү токтотуп турууга чакырды

Кыргызстанда коронавирус коркунучунан Ноорузга арналган массалык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова билдирди.

Ал спорттук иш-чараларга бир жума мурда эле тыюу салынганын эске салды.

Вице-премьер Коронавирустун КРна кирип жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик штаб соода жана бизнес-борборлорунун, супермаркет жана көңүл ачуучу мекемелердин жетекчилерин санитайзер, аба тазалагычтарын орнотуп, кардарларды жетиштүү сандагы дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылууга чакырганын кошумчалады.

«Элдер товарларды колдору менен кармайт, аларда колдорун дезинфекция кылууга шарты болуш керек, - деп белгиледи ал. -Мындан сырткары, биз жарандардан азырынча тойлорду өткөрүүнү токтотуп турууну суранабыз. Мамлекеттик мекемелерде да дезинфекция каражаттары коюлат».

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх