Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев ИИМге тынчтык акцияларыны жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Премьер кыргыз эли ар дайым аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып келгенин эске салды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бардык тараптарды жарандардын катышуусундагы акциялардын жүрүшүндө чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат.

«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийиш.

Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруу зарыл», - деп белгилеген Абылгазиев.

Премьер Ички иштер министрлигине акциялардын жүрүшүндө мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх