Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биз бийликчил партия эмеспиз». Марат Аманкулов «Биримдик» партиясы жөнүндө суроолорго жооп берди (видео)

Депутат КСДП партиясынан чыккан себеби жана уу-дуу кептерди пайда кылган жаңы партиянын түзүлүшү жөнүндө маек курду

Саясий Кыргызстан бүгүнкү күндө - аарынын уюгундай. Кеңири коомчулукка байкалбашы мүмкүн, бирок, ичинде сүйлөшүүлөр, саясатчылар айтмакчы «консультациялар» тынымсыз жүрүп жатат. Убакыт аз эле калганы менен бир нече гана партия маалыматтарын ачыктап, кимдерди чыгарарын, тарапташтары ким экенин коомчулукка бөлүштү. Ушундай бирикмелердин бири - Марат Аманкулов жетектеген «Биримдик» партиясы. Vesti.kg сайтынын окурмандары менен редакциясында бул саясатчыга берчү суроолору аз эмес жана акыркы убакытта медиага көп жакындабаган Марат Аскерович алардын негизгилерине жооп берүүгө макулдугун берди.

- Марат Аскерович, келе жаткан парламенттик шайлоого сиз «Биримдик» партиясынын төрагасы катары барасыз. Демек, КСДП менен эки башка жолго түштүңүз деп айтса болобу? Эмне үчүн?

-Ооба, мен КСДП партиясынан чыктым. Бул абдан оор чечим болду. Анткени, мен партияга 10 жылдык өмүрүмдү арнадым. Бизде күчтүү команда бар болчу, биз көптөгөн жакшы иштерди алып бардык, партиянын Бишкектеги уюмун дээрлик нөлдөн түздүк.Бирок, бара-бара бардыгы өзгөрдү, биз ишенген идеялар экинчи планга жылып калды. Мен интригаларга катышып, кимдир-бирөөнүн тарабына тарткым келген жок. Саясий «разборкаларга» да убактымды короткум келбейт. Биз ЖКда ансыз деле буга абдан көп убакыт коротуп койдук. Ошондуктан, жалгыз туура чечим - КСДПдан чыгуу болду. Эми мен«Биримдик» партиясынын төрагасымын.

- Эмне үчүн шайлоого башка көптөгөн саясатчылар сыяктуу учурдагы аттуу-баштуу саясий бирикмелердин курамында эмес, жаңы партия менен барууну чечтиңиз?


- Анткени, мен алардан эң маанилүү нерсени - аларды бириктирип турган бир идеяны, чыныгы идеологиялык платформаларды көрө алган жокмун. Караңыз, парламентке кирүүнү каалагандарга тигил же бул партияга кошулууга эмне түрткү болот? Мандатты убадалоо, жеке кызыкчылыктарын коргоо принциптеринин негизинде гана биригүү, башка эч нерсе деле жок. Тилекке каршы, бизде азыр партияларда негизги басым лидерлердин тегерегинде эле жасалат, бул эмнеге алып барат - биз сиздер менен жакшы билебиз.
Мага болсо бизде шайлоонун алдында адатта көнүмүш болгон бир күндүк эмес, партиялык курулуштун бардык эрежелерине ылайык жаңы партия түзүү мүмкүндүгү пайда болду.

- Мурдагы жана азыркы президенттердин чырынан кийин сиз көп убакыт Атамбаевдин дарегине ачык сын айткандан алыс болдуңуз. Ал тургай медиа мейкиндигинде да көп көрүнбөй, парламенттеги активдүүлүгүңүз да басаңдап калды, мындан улам сиздин көз карашыңыз толук ачык эместей сезилет. Сиз мурдагы лидерге берилгендигиңизди сактаганга аракет кылып жаттыңызбы?

- Мен негизи эле ар дайым кайсы-бир адамга эмес, идеяга берилгенген аракет кылып келем. Ал эми, партиянын ичинде болуп жаткандар боюнча оюмдун бардыгын Алмазбек Шаршеновичтин өзүнө айткам. Ал эми, жалпысынан бааны эксперттер, тийиштүү органдар берсин. Ал эми мезгил жана тарых бардыгын өз ордуларына коюп коет.

- Сиз учурда башчылык кылып жаткан «Биримдик» партиясы жөнүндө да бир далай ушактар жаралды. Анын артында учурдагы президенттин командасы, тагыраагы Асылбек Жээнбеков турат деген пикир бар. Бул сөздө чындык бар деп деп айтууга болобу?

- «Биримдик» партиясынын тегерегинде айтылган ушактар көп, көбүнчө алар чындыкка коошпойт. Биз азыр жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган беш шаарда конференцияларды өткөрүп жатабыз. Аларда эң көп берилген суроо - биз «бийликчил партия» экенибиз чынбы.
Жок, биз бийликтин партиясы эмеспиз. Анткени, биз алгачкы кадамдарыбызды гана жасап жатабыз. Жогорку Кеңешке барып, өкмөттү түзүп,премьер-министрликке талапкерибизди коюп, программабызды ишке ашыра баштаганда анан биз өзүбүздү бийликчил партия деп айта алабыз. Биз ушуга умтулуп жатабыз, бирок, бийлик - биздин башкы максат эмес. Биз аны программабызды ишке ашыруучу курал катары карайбыз.

Президент тууралуу айтсак, жеке мен жана «Биримдик» партиясы Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдойбуз. Бирок, мен буга чейин айткандай, биздин партия - идеократиялык. Бизди бириктирип турган башкы күч - евразиялашуу жана демократиялык социализм идеясы. Эгерде, президент да бул идеябызга кошулса, анда сиздер бизди пропрезиденттик партия деп коркпостон айта берсеңер болот. Биздин идеяга мугалимдер менен дарегерлер кошулса - анда биз мугалимдер менен дарыгерлердин партиясыбыз дегендей эле. Куруучуларбы - анда биз куруучулар партиясыбыз. Биз ушундй бириктирүүчү күч болгубуз келет жана бизде буга бардык өбөлгөлөр дагы бар

Анын үстүнө, сиздер билесиздер, партияны түзүп баштаган соң гана биз эң биринчи этапта биздин интеллектуалдык жана маданий элита менен - ой жүгүртүчүү жана саясатка аралашпаган адамдар менен диалог кыла баштадык. Алар негизи бийлик менен диалогго оңой барышпайт жана партияларды колдошпойт. Бирок, белгилеп кетким келет, демократиялык социализм жана евразиялык тандоо алардын кызыгуусун жаратты. Алар азыр чын дилден байланышка барып, талкуулап, сунуштарын берип жатышат. Алардын көбү биздин идеядан келечекти көрүшүүдө.

«Биримдик» партиясы жөнүндө айтылган ушактар боюнча айтсам, эми кимдир-бирөө алардын чырагына май куюп, партияны ар кандай чырга кошкулары келип жатканын баары эле көрүп жатат. Мен алар боюнча эч нерсе дегим дагы келбейт.
Бир нерсени айтайын: биз, «Биримдик» партиясы, демократиялык социализмдин партиясыбыз - Евразиялык тандоо бул олуттуу жана узак мөөнөттүк идея. Бул орчундуу орток идея жана платформасы бар келечектин партиясы. Алдыда бизде узак жана үзүрлүү саясий жашоо күтөт.

- «Биримдик» партиясынын төрагалыгына сиз келишиңиз керектигин ким жана кандайча чечти?

- Биздин айланабызда мындан ары эмне кылуу керек деген сыяктуу сөздөр көптөн бери жүрүп жаткан. КСДПда калуу же башка бир партияга кошулуу мүмкүндүгү бар болчу. Бирок, биз акыры жаңы кыймыл, жаңы саясий маданият, жаңы идеологияны түзүшүбүз керек деп токтолдук.
Мен учурдагы Кыргызстанда дал ушундай идеялык негизи бар партиялар жетишпейт деп эсептейм. Өлкөнү бириктирип турган идея дагы жок. Мындай абалда биз эмнени көрүүдөбүз: коомчулуктун аң-сезимин ыплас технологиялардын жардамы менен жазгыруу. Келе жаткан шайлоодо да алар колдонулары түшүнүктүү. Шайлоо алындагы саясий таштандылардын бардыгы кыргызстандыктардын башына ыргытылат.
Мындай абал кандай учурда жүрөт? Саясатчылар кайсыл бир лидердин тегерегинде эле айланып, ал лидер бардыгын өзү чечкенде жана алардын жалгыз максаты - кандай жол менен болбосун бийликке жетүү. Шайлоо өтө турган шаарларда каттоо эмне болуп жатат, элдин баары күтүүсүз эле беш шаарда, бир батирге миңден катталууну чечип алгансып.
Жарандар мунун бардыгын көрүп, ким кылып жатканын да билишет да. Мындай көз боёмочулук менен ишти баштаган партия өлкөгө эч кандай жакшылык алып келбесин түшүнүшүбүз керек. Аларда дегеле өлкөнүн келечеги тууралуу ой жок. Мандатка жетип, акчаларын он эселеп актоо - алардын мүчөлөрүнүн жалгыз тилеги.

- Сурап кетпесек болбойт - партиянын негизги каржы булактары кандай?

- Бүгүнкү күндө биздин каржы булактарыбыз - биздин жеке каражаттарыбыз. Жергиликтүү кеңешке талапкерлер жеке булактары менен иш алып барышууда. Мен өз ишимди да ушинтип аткаруудамын. Сырткы булактарыбыз жок.

- Шайлоо жакындаган сайын коомчулук учурдагы депутаттарды кийинки чакырылышта көргүсү келбеси айкын болууда. «Биримдиктин» катарынын басымдуу көпчүлүгүн жаңы жүздөр түзөт деп убада бере аласызбы?

- Бул дагы жана биз айтып өткөн ушактар темасынан. Кимдир-бирөөлөр ар кандай божомолдорду, анын ичинде тизме жөнүндө да чыгарып жатат. Бирок, мен так айта алам: бүгүнкү күндө талкууланып жаткан тизме жок. ЖКнын учурдагы депутаттарынын ичинен партияда жалгыз мен мүчөмүн. Бизди колдогон, биздин идеяларды туура көрүп, бизге жардам берүүгө даяр депутаттар бар. Бирок, алар азырынча партияга кире элек, ошон үчүн алардын аттарын азырынча атабай эле коеюн. Эрте.
Биз жаңы жүздөргө бизде артыкчылык беребиз деп айта алам, бирок, биз бул сөзгө кийинчерээк кайрылабыз. Тандоодо негизги критерийи албетте - биздин идеяны ал киши колдойбу-жокпу болот.
Дагы бир жолу кайталап кетейин, биз кол башчылык мүнөздөгү партия эмеспиз. Бул «Аманкуловдун» же дагы башка бирөөнүн партиясы болбойт. Бул демократиялык социализмдин партиясы болот. Евразиялык тандоо - «Биримдик» үчүн эле эмес, бүткүл өлкө үчүн бириктирүүчү күч болуп берет деп ишенем. Биздин максат ушул.

- ЖКнын азыркы чакырылышын «олигархтык» деп айтып келишет. «Биримдик» бизнесмендер үчүн депутаттык орундарды чектөөнү караштырып жатабы?

- Биз тизме тең салмактуу болушу керектигин түшүнөбүз. Анда ар кандай тармактагы, ар кандай социалдык деңгээлдеги, илимий жана маданий интеллигенциянын, бизнестин, социалдык сектордун өкүлдөрү болушу керектигин жакшы түшүнөбүз. Кайталап кетейин, биз мунун бардыгын жакшы түшүнөбүз жана тең салмактуулукту сактаганга аракет кылабыз.

- Сиз, эгерде президент «Биримдиктин» партиясынын идеяларына кошулса, биз «пропрезиденттик» партия аталууга даяр экениңиздерди айтып кеттиңиз. А, эгерде кошулбасачы? Жогорку Кеңешке киргенден кийин оппозицияга кетүүгө даярсыздарбы?

- Бардык эле партиялар сыяктуу, азчылыкта кала турган болсок, оппозицияга кеткенге деле даярбыз. Биз кандай болбосун өз идеябызды ишке ашыруу боюнча ишибизди улантабыз, анткени, биздин өлкөдө мындан башка жол жок деп эсептейбиз. Калганы - калп, манипуляция жана кечээки күн. Бул Кыргызстандын тарыхий өнүгүшү үчүн жалгыз туура жол. Биздин оюбуз ушул.

Видеого шилтеме
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх