Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыныбай Турсунбеков: Мен коронавируска байланыштуу чет өлкөлүк иш сапарлардан баш тартууга даярмын

ЖК депутаттары Дастан Бекешевдин демилгесин колдоп, КМШ мамлекеттерине дагы чыгуудан баш тартууга даяр экендерин билдиришти

Жогорку Кеңештин депутаттарына коронавируска байланышуу чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салуу зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта парламент мүчөсү Дастан Бекешев айтып чыкты.

Анын пикиринде Кыргызстанга вирус катталган өлкөдөн келген эл өкүлдөрү карантинге алынышы керек.

«Дүйнөнүн 112 мамлекетинде коронавирус катталды. Франция, Испания, Иранда депутатттар бири-бирине жугузушту. Биздин депутаттар буга карабай чет өлкөлөргө чыгып жатышат. Тыюу салбайсыңарбы? Мындай болбойт да. Кээ бир депутаттар азыр Германияда жүрөт, ал жерде ооругандардын саны миңден ашат. Бул командировакаларды токтотуш керек. Учуп келгендер карантинге алынсын»,-деди Бекешев.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков учурда айрым чектөөлөр алынганын айтып жооп берди.

«Учурда өкмөттүк штаб иштеп жатат жана анын тапшырмаларынын негизинде бардык чаралар көрүлүүдө. Муну менен бирге Жогорку Кеңеш дагы чектөөлөрдү киргизген. Мисалга, эгерде биз буга чейин конокторду кабыл алып, ар кандай иш-чараларды өткөрчүбүз, мектеп окуучуларын, студенттерди, айыл депутаттарын кабыл алчубуз - мунун бардыгы азыр токтотулду. Иш сапарлары боюнча биз Жогорку Кеңештин атынан чет өлкөгө учкан депутаттар менен талкуулап жатабыз. Башкалар Жогорку Кеңеш менен эмес, эл аралык уюмдар менен кызматташуунун негизинде кетип жатышат. Аларга дагы эскертүүлөр берилди»,- деди төрага.

Ал ортодо КСДП парламенттик фракциянын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков Дастан Бекешевдин сунушун колдоорун жана чет өлкөлүк сапарлардан баш тартууга даяр экенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Азыр бүткүл дүйнө боюнча коронавируска байланыштуу кескин чаралар көрүлүп жатат,- деди Турсунбеков. - Бекешевдин сунушу туура. Мен ансыз деле сессиялар жана парламенттин жыйындары өтүп жаткандыктан 2-3 ай айдан бери чыккан жокмун.

Башка депутат Бахадыр Сулейманов дагы кесиптешинин демилгесин колдоп, КМШ өлкөлөрүнө дагы чыкпоого аракет кылуу керектигин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Чет өлкөлөргө чыгууну токтотуш керек. - Азыр Италияда вирус катуу жайылып жатат. Бирок, биз ал жакка барган жок болушубуз керек. Францияга учуу да кооптуу. Балким, КМШ мамлекеттерине чыгууну да чектеш керек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх