Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин району боюнча салык кызматынын жетекчилигине Руслан Касымов дайындалды

Аталган салык органынын мурдагы жетекчиси ишенимди жоготконуна байланышуу кызматтан алынган

Ленин району боюнча салык органынын жетекчиси болуп Руслан Касымов дайындалды. Дайындоо жөнүндө буйрукка 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Жаңы жетекчи мурда Биринчи май району боюнча салык органында бөлүм башчысы кызмат ордун ээлеген.

Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси 9-мартта кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулган.

МСКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх