Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов «премьерлердин кимдир-бирөөлөргө курал белекке берүүсүнө тыюу салуу керек» сунушуна каршы

Депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде бул процедура чоң коррупцияга айланган

Кыргызстандын премьер-министрлерине кимдир-бирөөлөргө курал белекке берүүсүнө тыюу салуу керек. Мындай сунушту кечээ, 10-мартта ЖК депутаты ЖК Каныбек Иманалиев билдирди.

«Белекке курал берип жүргөн мурдагы премьерлер азыр түрмөдө отурат. Алардын эмне башка кылчу иши жокпу? Азыр курал сатуу чоң коррупцияга айланып кеткен»,- деди эл өкүлү.

Ал ортодо экс-премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына берген маегинде Иманалиевдин демилгесин колдоборун билдирди. Анын пикиринде өкмөт башчы ардактуу конокторго белекке курал бергенге акысы бар.

- Бул премьердин жеке иши деп мен эсептейм, - деп белгиледи Кулов. - Мындай тыюу койгон туура эмес. Премьер Кыргызстандагы маанилүү фигуралардын бири да. Өкмөт башчы тартуулай алган белектердин бири - бул курал. Кыргызстанга эмгегин сиңирген адамдарга берилет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх