Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Россия менен катуураак сүйлөшүш керек

Депутат өкмөткө үнөмдөө режимине өтүп, экономикалык каатчылыкка даярданууну сунуштады

Кыргызстандын өкмөтү чөнтөгүнө карап жашоону баштап, экономикалык каатчылыктын келгенине байланыштуу тендерлерди токтотуу керек. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

- 118 өлкөгө коронавирус тараганын кечээ көрдүңүздөр, - деп белгиледи эл өкүлү. Валюталык девальвация жүрүп жатат, сом арзандап кетти. Өкмөт ушуга чейин иштеп келгени эми жарабайт. Үнөмдөө режимине өтүү зарыл. Алгач тендерлерди токтотуп турса болот, дары-дармектер менен азык-түлүккө эмес - анда жарандар жапа чегип калышы мүмкүн. Курулушка байланышкан тендерлерди мисалы, азырынча ал күтүп деле турат.

Бекешев ошондой эле Россия Федерациясына төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштай аларын белгиледи.

- Россия менен төлөмдөрү улуттук валютада жүргүзүүнү сүйлөшүш керек, мисалга табигый газ үчүн, - деп сунуштады эл өкүлү. - Аларга катуураак мамиле кылуу керек. Эгерде алар доллар болбосун деп жатышса, анда сом менен рублга өтөлү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх