Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат ЖК Турусбеков: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия жарыялады, мектеп окуучулары менен студенттерди каникулга жиберүү керек

Парламент мүчөсү окууну жайга жылдырууну сунуштады

Кыргызстандын мектеп окуучулар менен студенттерин каникулга жиберүү керек. Анткени, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылышына пандемия деп жарыялады. Мындай билдирүү менен Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков чыкты.

Анын пикиринде өкмөт коопсуздук боюнча керектүү чараларды көрүүдө, бирок, бул жаатта ишти дагы күчөтүү зарыл.

- Дүйнө коронавируска карата болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүдө, Америкага Европадан авиакаттамдар токтотулду, - деп белгиледи Турусбеков. - Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия жарыялады. Буга байланыштуу биздин мектеп окуучулары менен студенттерибизди мөөнөттөн мурда каникулга жиберип, окууну жайга жылдырууну сунуштайм. Ошондой эле 500-700 кишилик тойлорду токтотуу зарыл. Бизнес жабыркайт, түшүнөм, бирок, сөз элдин саламаттыгында болуп жатат.

Коронавирус учурда 114 өлкөдө катталганы белгилүү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх