Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядагы кыргызстандыктар КРнын паспортторунун мыйзамсыз сатылып жатканына арызданышууда

ЖК депутаты Карамат Орозова эмгек мигранттарынын арыз-муңдары жөнүндө айтып берди

Россияга иштеп акча табууга кеткен кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозовага арыз менен кайрылышты.

Эл өкүлүнүн айтымында ага эмгек мигранттары укуктарынын бузулуп жатканын айтып кайрылышкан.

- Албетте, алар үй-бүлөлөрүн багалык деп кетип жатышат, бирок, алар Кыргызстандын экономикасына да чоң салым кошушууда, - деп белгиледи эл өкүлү. - Мигранттардын суроосу төмөндөгүдөй - алардык укуктарын коргоочу кандайдыр бир орган барбы? Авиабилеттер кымбат болгону үчүн алар автоунаа жан автобустар менен кетишери белгилүү. Алардын укуктары өлкөдөн чыга электе эле бузула баштаарын айтып жатышат. Казакстан менен чек арада бир нече саат кармап турушат. Автоинспекторлор акча талап кылышат. Мындан сырткары, алар кеткен автоунаалардын техникалык абалы да көбүнчө текшерилбейт. Жолдо абдан көп жол кырсыктары катталат.

Мындан сырткары, кыргызстандыктар кыргыз документтери башка өлкөлөрдүн жарандарына сатылып жатканына өтө нааразы.

- Алар биздин паспорттордун Өзбекстан жарандарына сатылып жатканын айтышты, - деп тактады Орозова. - Мигранттардын айтымында чет элдиктер кыргыз документтерин сатып алышып, кылмыш кылышат. Мындан улам Россияда биздин мекендештерге болгон мамиле начарлап жатат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх