Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наталья Никитенко: Кыргызстандын «аялдарга карата зомбулук» аттуу өзүнүн вирусу бар

Эл өкүлү Бишкекте 8-мартта болуп өткөн окуяга кесиптештеринин көңүлүн бурду

8-мартта Бишкекте өткөн тынч жүрүштүн катышуучуларына кол салган эркектерди жоопкерчиликке тартуу керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Наталья Никитенко айтып чыкты.

Азыр бардыгы коронавирус пандемиясы жөнүндө айтып жатышат, мен кесиптештеримдин коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча пикирлерин колдойм, - деп белгиледи ал. - Бирок, биздин өлкөнүн ичинде өзүнчө вирус жайылып жатканына көңүл бургум келет. Ал аялдарга карата жек көрүү сезими менен зомбулук. Коомубузда эмне болуп жатат карагылачы - күйөөсү аялын өлтүрүп, өгөй баласын жарадар кылды, күйөөсү аялын өрттөп салды. 8-мартта жарандык активист айымдар биздин коомду бузуп жаткан зомбулукка каршы чыгышты. Реакция кандай болду? Тилекке каршы, бет капчан адамдар чагымчылдык уюштурушту, тартип коргоочулар эмне кылышты? Бул провокаторлордун аты-жөнүн тактап, чагымчыл аракеттерди токтотуунун ордуна аялдарды РИИББге алып кеткен милиция кызматкерлеринин аракеттерин юридикалык баа бериш керек деп эсептейм.

Никитенко бул окуянын айынан Кыргызстан бүткүл дүйнөгө уят болгонун белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх