Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Улуу Ата Мекендик согуштагы 75 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берүүнү сунушташууда

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко жана Исхак Масалиев Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата мунапыс өткөрүүнү сунушташууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен төмөндөгүлөрду бошотуу сунушталууда:

1) 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолушкан аялдар жана жашы жете электер;
2) курагы 60 жаштан жогору эркектер, ошондой эле 55 жаштан жогору аялдар;
3) I жана II топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
4) үй-бүлөнү жалгыз баккан, экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар адамдар;
5) биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар;
6) боюнда бар аялдар;
7) көп балалуу аялдар;
8) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жете электер

Мындан сырткары, мыйзам кабыла алына турган болсо 1997-жылдын 1-октябрындагы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1-бөлүгүндө ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу"), 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын 1-бөлүгүндө ("Аскерден качуу") каралган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Бирок, бул шартэгерде адамдар ушул мыйзам жарыяланган күндөн тартып 3 айдын ичинде жаза өтөгөн жерине, камакта кармаган жана аскер кызматын өтөгөн жерлерине ыктыярдуу келишсе гана иштейт.


Мыйзам долбоорунда мунапыс жөнүндө норма төмөнкү жарандарга колдонулбай турганы белгиленген:

1. Мунапыс берүү жөнүндө Мыйзам төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) мурда мунапыс же ырайым кылуу колдонулгандарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга;
3) эки же андан ашык ирет кылмыш жасагандарга, эгерде алардын бирөө эле мунапыс берүү мыйзамына туура келбесе;
4) аларга карата тарбиялык же медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулгандарга;
5) жаза өтөө режимин бузууну өнөкөт кылып алгандарга.

2. Мунапыс жөнүндө мыйзам коопсуздук чаралары колдонулгандарга карата колдонулбайт.
3. Мунапыс жөнүндө мыйзам жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.

Документте мындан сырткары мунапыс каралбай турган кылмыш иштеринин тизмеси дагы жарыяланган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх