Курсан Асановдун мурдагы жан сакчысы үй камагына чыгарылды
Эми ал тергөө аягына чыкканга чейин үй камагында болот
Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн ИИМнин экс башчысы Курсан Асановдун жан сакчысы Пайзилда уулу Дамирбектин баш коргоо чарасы каралып, судья аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Эми ал тергөө аягына чыкканга чейин үй камагында болот.
Эске салсак, Пайзилда уулу Дамирбек мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп шектелип жаткан.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз