ЖК депутаты кесиптештерине: Президент эмне дебесин, колуңарды «макул» деп көтөрө каласыңар
Эл өкүлү Кыргызстанда элчилерди ТИМ эмес Сооронбай Жээнбеков тандаганына кыжырданды
ЖК депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанда элчилерди Тышкы иштер министрлиги эмес президент дайындаарын сынга алды.
- Өткөн жыйындарда ТИМ жасалган иштер жөнүндө маалымат берип жаткан учурда мен Чыңгыз Айдарбековдон эмнеге бизде мынчалык начар элчилер дайындаларын сурадым, - деп белгиледи эл өкүлү Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Сөз Эдил Байсалов менен Азимбек Бекназаров туурасында болчу. Бекназаров ал тургай эч кандай дипломатиялык курстардан өткөн эмес, бир дагы чет тилин билбейт. Министр мага ТИМ тышкы саясатты жүргүзөрүн, консулдук кызматтар менен иштей тургандыгын, ал эми элчилерди президент дайындай турганын айтты.
Эл өкүлү элчи болуу үчүн ТИМде узак убакыт бою иштөө зарыл экенин эске салды.
- Бизде дипкызматтар, Дипломатиялык академия бар го, - деп сөзүн улантты Ирина Юрьевна. - ЖКнын комитетинде мен талапкерлерди тандоо президенттин колунда экени тууралуу маселени көтөргөм. Кесиптештеримден эмнеге алар мамлекет башчысынын бир дагы дайындоосуна каршы чыга алышпасын сурагам. Мен аларга: «Силер президентке жок дегенде анча-мынча каршы оюңарды билдире аласыңарбы?» дедим. Ал эмне дебесин, макул деп колуңарда көтөрө каласыңар. Элчилерди президент дайындап жатат, бирок, жооп берүү баарыбыздын мойнубузда. КРнын Германиядагы элчиси менен Стамбулдагы башкы консул кызматына жактырылган талапкерлер боюнча маселе жок - аларда дипломатиялык тажрыйба бар.
Медина Купсулдаева
Фото www