Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары өкмөттүн мүчөлөрүн чукул чакырышып, бирок, алар коронавирус боюнча суроолорго бүгүн эмес эртең жооп беришерин билдиришти

 Спикер Мамлекеттик штабдын өкүлдөрүнө даярданууга убакыт берүүнү сунуштады

Коронавирус боюнча абалды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңешке Мамлекеттик штабдын өкүлдөрүн чакырууну парламенттин жыйынында депутаттар сунушташты.

Ирина Карамушкина менен Умбеталы Кыдыралиев төрага Дастан Жумабековдон өкмөттүн мүчөлөрүнүн маалыматтарын бүгүнтөн калбай эле угууну суранды.

Кабминдин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөт аларга убакыт берүүнү суранып, штабдын мүчөлөрүн эртең чакырууну өтүнүп жатканын айтты.

Төрага кесиптештерине өкмөттү колдоону сунуштады.

Баарыбызды бул маселе түйшөлтүп жатат, - деди Жумабеков. - Өкмөт бардык керектүү чараларды көрүүдө. Тилекке каршы, үч жараныбыздан вирус аныкталды. Эртең менен мен премьер-министр менен байланыштым. Алар маалымат берүүгө даяр экенин ал билдирди. Бирок, аларга убакыт керек. Эртең 9:30да алар элге расмий билдирүү берүүгө даяр.

Дастан Бекешев менен Иса Өмүркулов кесиптештеринен дүрбөлөң түшүрбөй, коронавируска каршы күрөш боюнча маалыматты эртең угуп чыгууну суранды.

Шайлоо жолу менен парламент мүчөлөрү ЖКнын төрагасынын сунушун колдоп, парламенттин билдирүүсүн эртең 9:30да укмай болду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх