ЖК Депутаты Казакбаев: Биз 50дөн ашык адам чогулбаш керек деп коюп, өзүбүз жыйындарды өткөрүп жатабыз
Парламент мүчөсү кесиптештерине өкмөттүн мүчөлөрүн сындаганды токтотуп, ишке киришүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев кесиптештерине коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө милдеттүү болгон өкмөттүн мүчөлөрүн көпкө кармабоону сунуштады.
- Биз 50дөн ашык адам чогулган иш-чараларга тыюу салыш керек дегенбиз, өзүбүз болсо 100дөн ашык киши менен жыйындарды өткөрүүдөбүз, - деди Казакбаев. - Ал эмес премьер-министрди баш болгон бардык өкмөт мүчөлөрүн чогултуп алдык.
Депутат өкмөттүн дарегине сын-пикирлерди токтотуп, коронавируска каршы күрөшкө биригүүнү сунуштады.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз