Өмүрбек Бабанов дарыгерлер менен пенсиядагы адамдарды колдоо үчүн 5 млн сом бөлөт
«Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек»
Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов дарыгерлерге, пенсионерлерге жана Саламаттыкты сактоо министрлигине колдоо көрсөтүү үчүн 5 млн сом бөлүүнү чечти. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
«Урматтуу Кыргызстандыктар!
Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз.
Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат!
Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек!
Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек.
Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр Дарыгерлерибиз үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат.
Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз!!!
Улуу Жараткан Алла бизге жана бүткүл адамзатына ушул сыноодон өтүүгө жардам берсин!!», - деп жазган Өмүрбек Бабанов.
Фото www