Жогорку Кеңеште КРнын тышкы карызын төлөөгө каникул суроону сунушташты
Депутат Алтынбек Сулайманов коронавирус пандемиясы алып келген экономикалык каатчылыкка тынчсызданды
Депутат Алтынбек Сулайманов коронавирустун жайылышына байланыштуу Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө каникул суроону сунуштады.
- Бүгүнкү күндө көптөгөн жарандардын насыялары бар, бизнес болсо токтоп калды, - деди парламент мүчөсү. - Менимче, 3 айга, 5 айга же жылдын аягына чейин насыялык каникулдарды жарыялоо керек. Чара көрүү зарыл. Эгерде биз насыя алган элге каникул берсек, тышкы карыз боюнча каникул сураганга дагы моралдык укугубуз болот.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз