Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министри: Сауд Арабиясынан келгендер коронавируска текшерилгиси келбей «биз ыйык жерден келдик, тазабыз!» дешкен

 

Космосбек Чолпонбаев дарыгерлер өз милдетин толук аткарышты деп эсептейт

Сауд Арабиясынан Кыргызстанга кайтып келгендер коронавирус боюнча текшерүүгө алынышарын абдан терс кабыл алышкан. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

- Учактан түшкөндөн кийин ал жарандардан кичине кармалып турууну суранышканда, алар буга ачууланып, ыйык жерден келишкенин айтышып, тазабыз дешкен, - деп белгиледи ал. - Бирок, аларды баары бир текшерүүгө алышкан, антпесе кийин бул адамдарды табууга мүмкүн болбой калмак. Чек арачылар, дарыгерлер - бардыгы өз ишин бекитилген тартипке ылайык алып барышкан.


Вирусту жуктургандар аныкталганда биз 24 сааттын ичинде ошол учак менен келген бардык жүргүнчүлөрдү изоляцияга алдык, - деди министр. - Кытай пандемияны жеңүү үчүн эки фактор гана жардам берерин көрсөттү, ал тартип менен чектөө.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Кыргызстанда үч адамдан коронавирус аныкталганын жазган. Үчөө тең Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх