Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүүгө миллион сом которот

Депутат кесиптештерине да колдон келген жардамдарын берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүү үчүн Республикалык штабдын эсебине бир миллион сом которот.

Парламент мүчөсү кесиптештери менен жергиликтүү ишкерлерге да анын жолун жолдоп, колдон келген жардамдарын берүүнү сунуштады.

- Бүгүнкү күндө депутаттар укмуштудай сөздөрдү айтып жатасыздар. Медицина кызматкерлерге оор болду. Ооругандарды дарылап жатат. Биз болсо кол алышкандан коркуп бул жакта жүрөбүз. Кыргыз мамлекетинин ичиндегилер, башка мамлекеттегилер жардам берип жатат. Кыргыз мамлекетинин ишкерлери колдон келген жардамды берсек. Мен бүгүн республикалык штабга 1 миллион сом которуп берем. Калгандары колдон келген жардам берсе жакшы болмок.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде депутатка ыраазычылыгын билдирди.

- Рахмат сизге, сизге окшогон адамдарыбыз көп болсун, - деди өкмөт башчы. - Учурда ишкерлер каражат которуп жатышат, ошондой эле фракциялардын биринин депутаттары бир айлык маянасын которууга даяр экенин билдиришти. Биз бул каражаттарды натыйжалуу колдонгонго аракет кылабыз. Вирус жаңы гана келди, көбөйүшүнө даяр болушубуз керек.

Тактай кетсек, буга чейин«Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаттары бир айлык маяналарын коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабга которушарын билдиришкен.

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков дагы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Тазалык» ишканасына мекемелердин кызматкерлери үчүн бет кап сатып алууга көмөктөшөт.

Ал эми президентикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн дарыгерлер менен пенсионерлерди колдоого 5 миллион сом бөлөрүн маалымдаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх