Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахматбек Келдибеков Аида Салянованын тууганын сотко берди

ЖКнын мурдагы төрагасы анын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген билдирүү үчүн 5 миллион сом талап кылды

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы - Чынара Турдалиевага каршы ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо боюнча арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Турдалиеванын айтымында Келдибеков доо арызында 5 миллион сом, ошондой эле анын Фейсбуктагы сөзүн төгүнгө чыгарууну талап кылган.

- Текебаев боюнча анын айткан пикирине болгон жарандык позициям менин билдирүү жазуума негиз болгон, - деп түшүндүрдү ал. - Бүтүндөй коомчулук ага байланышкан окуялардын күбөсү болгон. Алардын бир нечесин мен билдирүүмдө тизмектегем: 1. Саясатчы катары анын Тиматинин гамбургерлеринин ачылышында; 2. Бир колу менен сөөк кемирип, экинчи колунда тамеки тартып жатканын өзүнүн эле теңтушу тарткан видеосу; 3. Ага каршы соттун айыптоо өкүмдөрү. Ушунунб бардыгынын негизинде аны «тойбогон топоз» деп айтууга, башкача айтканда мазактоо эмес, жөн гана фактыларды констатациялоого негиз берет.

Арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна берилген.

-Албетте, Келдибеков мага каршы сотко арыз бергенине таң калдым, анткени, мен же саясатчы же белгилүү бир инсан эмес, жөн гана мамлекеттик компаниянын кызматкеримин, - дейт Турдалиева. Эгерде, Келдибеков соттошкусу келсе, мен болгону жалпыга белгилүү фактыларды далилдеп беришим керек болот.

 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх