Бардык мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерине кызматкерлерин үйдөн иштөөгө жиберүү тапшырылды
Вице-премьер кызматкерлерди коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында ушундай чара кабыл алынганын белгиледи
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине өлкө аймагында киргизилген өзгөчө абал мезгилинде кызматкерлерин үйдөн иштөөгө кое берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штабдын телеграмм-аккаунтунда жарыяланды.
Кызматкерлер коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берилиши керектигин белгиленди.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз