Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Бекешев: Биз бир каникулга кетип, кайра жыйынга чогулуп шылдың болуп жатабыз

ЖК төрагасы кесиптешине парламент мүчөлөрү эргүүгө кетишпегенин белгилеп өттү

ЖК депутаты Дастан Бекешев «парламент мүчөлөрү каникулга тарап, кайра өзгөчө абалдын киргенине байланыштуу чукул жыйынга чогулуп, шылдың болуп жатат» деп билдирди. Бардык депутаттар бет капчан келишкен.

Анын сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков тууралады.

- Жогорку Кенеш иштеп жатат, - деди төрага. Биз өз ишибизди токтоткон эмеспиз. Зарыл учурда чукул жыйындарга чогулуууга милдеттүүбүз. Биз каникулга тараган жокпуз. Сиз туура эмес айтып жатасыз, биз эргүүгө чыккан эмеспиз. Биз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен, аким, губернаторлор менен байланышта болобуз. Депутаттар колдон келишинче өкмөткө жардам көрсөтүүдө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх