Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Кытайдан ачык жардам сураш керек

Парламент мүчөсү саясатчылар Республикалык штабка которгон акчаны кармап жата бербей, дарыгерлердин муктаждыгына сарпташ керек

ЖК депутаты Жанар Акаев парламенттин чукул жыйынынын учурунда Кытайдан ачык жардам сурап, медкызматкерлерди керектүү костюмдар менен камсыз кылууну сунуштады.

- Мындай оор кырдаалда бардыгыбыз эриш-аркак иштешибиз керек, - деди ал. Өкмөт 15-апрелге чейин экономика жана бизнес тармагына байланышкан документти киргизсе жакшы болмок. Чакан бизнес эмне болот? Казакстанда мисаслы 1, 5 млн адамга жөлөк пул берилип жатат. Биздин өкмөт мындай абалда 5 000 адамга жок дегенде 5000 сомдон бөлүш керек. Анткени, элдер күнүмдүк кирешесиз калды. Ири шаарларда көптөгөн жарандар ижарага алган батирлерде турушат. Аларды кожоюндарды кууп чыгышса кайда барышат?

Муну менен бирге Акаев саясатчылар коронавируска каршы күрөшүү үчүн Республикалык штабга которгон акчаларды кармап жата бербеши керектигин белгиледи.

- Азыр көптөгөн саясатчылар, бизнесмендер акча которуп жатышат, - деди эл өкүлү. Бирок, штаб бир дагы сом коротула элек деп маалымат берип жатат. Ал эми дарыгерлерде медициналык костюм, ал тургай ичээрге тамагы жок. Алар ушундай шарттарда иштеп жатышат. Бул акчаларды кармап турбаш керек. Келгиле, Кытайдан медициналык костюмдарды ачык сурайлык. Велосипедди ойлоп табуунун кереги жок бул жерде.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх