Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан улам Атамбаевге жактоочусу менен айнек аркылуу гана баарлашууга уруксат берилди

Мурдагы президенттин жактоочусу УКМКнын убактылуу тергөө жайынын кызматкерлери санитардык нормаларды сактабай жатышканын белгиледи

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесаров коронавируска каршы күрөштүн алкагында көрүлүп жаткан чаралардан улам Атамбаев менен УКМКнын убактылуу тергөө жайында кезигип, сүйлөшө албай калганын билдирди.

Аларга айнек аркылуу гана баарлашууга уруксат беришкенин юрист Vesti.kg сайтына өзү айтып берди.

- Бет кап менен медициналык кол кап тагууну сунушташты, мен макул болдум, - дейт Слесарев. - Бирок, ал бөлмөдө санитардык нормалар сакталып жаткан жок. Кол кап беш мүнөттөн кийин кир болуп кетти, башкача айтканда бөлмө дээрлик тазаланбайт. Негизи, кол капты дарыгерлер операция маалында кийип, дароо ыргытышат. Аны бир күн кою кийип жүрүп, муну менен илдетти ташыбайм деп ойлоо болбогон сөз, өзүн өзү алдоо. Мен алардын өтүнүчүн аткардым, бирок, мага коңшу бөлмөгө өтүп, айнек аркылуу сүйлөшүмдү суранышты. Мындай шартта иштөө мүмкүн эмес. Мен кыйкырып сүйлөгөнгө аргасыз болдум. Ошондой эле биз айрым документтерди талкулап, бири бирибизге бере албай калдык. Мындай шартта Атамбаевди коргоо мүмкүн эмес.

Юрист изолятордун кызматкерлери өздөрү коопсуздук чараларын сактабай жатышканын кошумчалады.

- Алар мыйзам тарабынан негизделбеген жаңы эрежелерди коюп жатышат. Буга жараша тийиштүү нормативдик актылар болушу керек, - деп белгиледи жактоочу. - Мунун бардыгын азыр коронавируска каршы күрөш деп коюшат. Бирок, мен СИЗОго кирдип, изолятордун кызматкерлери кармалгандар менен, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен деле эч кандай айнексиз эле түз байланышып жатышат..

Слесарев соттук процесстер коронавируска байланыштуу башка мөөнөткө жылбаганын эске салды.

- Кой-Таш окуясы боюнча биздин соттук отурумдар жумасына үч жолкуга дайындалган. Бир залда 30га жакын адам чогулат, муну кадыресе көрүнүш катары эсептешет. Ал эми жактоочу менен жолугушууга болбойт экен. Бул УКМКнын убактылуу тергөө жайынын башчысынын түздөн түз буйругу.

Юристтин айтымында СИЗО-1деги жарандарда сүйлөшүүлөр үчүн айнеги бар өзүнчө бөлмө жок.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх