Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова эмнеге алар алтоо чогулуп, дарыгерлерге болгону 20 миң сом чогултушканын түшүндүрдү

 ЖК депутаты алда канча көп өлчөмдө жардам көрсөтүшөрүн, болгону саясатчы айымдар пиардын кереги жок деп санашып, аларды жарыялабасын белгиледи

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармактагы баракчасына ЖК депутаты Айсулуу Мамашова, парламенттик экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева, Өмүрбек Текебаевдин жубайы - Айгуль Текебаева, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, БШК мүчөсү Гүлнара Джурабаева жана ЖК депутаты Наталья Никитенко 10 сактоочу костюм, медициналык бет кап жана кол каптарды алуу үчүн «Жакшылык штабына» 20 миң сом которушканын жазган. Айрым колдонуучулар муну катуу сынга алып, анын билдирүүсүнүн алдына саясатчы айымдар дарыгерлерге «болгону 20 000 сом«» которууну чечишкенине нааразычылыктарын калтырышкан.

 Ассоль Молдокматова өз кезегинде «эч качан четте калбаган» бул айымдар менен сыймыктанарын айтып жооп берген. Ал парламент мүчөлөрү олигархтар эмес экенин белгилеген.

Vesti.kg ЖК депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Айсулуу Мамашовага кайрылып, башка саячсатчылар миллион, бир жарым миллион, ал тургай беш миллион сомдон которуп жаткан маалда алар кайрымдуулукка мындай жупуну сумманы которууну чечишкенин себебине кызыкты.

- Бүгүнкү күндө ар кандай жардам көрсөтүлүүдө, - деди эл өкүлү. - Ассоль Молдокматова сактоочу костюмдар жиберилерин жарыялагандан кийин биз ушундай жергиликтүү жардам берүүнү чечкенбиз. Албетте, андан сырткары башка жардамдар да көрсөтүлүп жатат. Болгону ал тууралуу биз айтып жаткан жокпуз, анткени бул пиар-акция эмес. Биз жардамды эл билсин деп кылбайбыз, кызмат өтөп жаткандарга жардам берүү үчүн кылынып жатат. Ассоль Молдокматова демек, бул көрсөткөн колдообузду ачыктагысы келген. Мындай учурда ар бир жаран мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоо көрсөтүш керек деп эсептейм. Ал эми жардам бергениңди болгон жаңылыктар аркылуу жарыялоо менимче туура эмес.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх