Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министри дагы жаңылды. Жалал-Абад эмес, Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы жабылат экен

Дарыгерлердин коронавирус жуктурганы боюнча териштирүү жүрөт

Кызматка жаңы эле келген саламаттыкты сактоо министри бүгүн эртең менен билдиргендей Жалал-Абад облустуку ооруканасы эмес, Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекциялоого жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

- Жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдар Ош облус аралык балдар ооруканасына жөнөтүлөт, - деп такташты министрликте. - Ошондой эле, Кара-Суу балдар ооруканасы дагы кошумча жугуштуу оорулар бөлүмүнө ылайыкташтырылат. Инфекциондук бөлүмдүн кызматкерлеринин илдетке кабылганына байланыштуу саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg саламаттыкты сактоо министринин Жалал-Абаддагы облустук жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык дарыгерлери коронавирус жуктуруп алгандыгы тууралуу брифингде айткан сөздөрүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, жаңы министр буга чейин да брифингдерде сөзүнөн жаңылып алган учурлары болгон. Бүгүнкү эле түз эфирдин учурунда Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда коронавирустан 24 адам каза болгонун билдирип, жанындагылары оңдой калгандан кийин кайра сөзүн кайталап, инфекциядан өлкөдө төрт адам каза болгонун маалымдады. Бир аздан кийин жаңы министр Жалал-Абад облустук ооруканасы дезинфекцияга жабылып жатканын айтып, ооруга чалдыккан дарыгерлердин санында да адашып калган.

Мындан сырткары, өткөн жумада Абдикаримов коронавирустан каза тапкан адамдын денеси экспертизага берилгенин айтып жиберип коомчулукта суроо жараткан, анткени, ага чейин маркумдун сөөгү жерге берилгени айтылган эле

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх