Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызмат учурунда коронавирус жугузуп алган дарыгерлер 200 миң сомдон компенсация алышат

Башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлерине дагы кошумча маяна төлөнөт

Блокпосттордо кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин айлыктарына кошумча төлөмдөр төлөнөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде маалымдады.

- Өзгөчө абал режиминде иштөө тууралуу өкмөттүн токтомуна ылайык, учурда кызмат өтөп жаткан мекемелердин кызматкерлерине кошумча маяна төлөнөт, - деди ал. Кызмат учурунда коронавирустук инфекция жугузуп алган дарыгерлер менен медициналык кызматкерлерге 200 миң сом төлөнүп берилет. Ошондой эле, коронавируска чалдыгып, каза тапкан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды.

Бороновго ошондой эле «Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал режимдеринин мөөнөттөрү узартылышы мүмкүнбү?» деген да суроо узатышты.

- Так жооп берүү кыйын, бардыгыбыз өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кандай иш-аракеттерди жүргүзөбүз, ошого жараша болот. -Эгерде эл дарыгерлердин айтканын кылып, ал эми өкмөт мындай режимде иштөөнү жөнгө салса, анда тез эле жыйынтыктайбыз деп ойлойм.

Парламенттик шайлоолордун жылуу мүмкүндүгү боюнча суроого Боронов мындай болбойт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх