Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков отставкага кетти

Министрдин орун басарын ден-соолугуна байланыштуу кызматынан бошотушту

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

- Төлө Байдалиевич ден-соолугуна байланыштуу кызматынан бошотулду, ал бир жума мурда жогорку кан басымы менен ооруканага жаткырылган эле, - деп такташты мекемеде. - Учурда анын абалы жакшырып калды.

Эске салсак, Төлө Исаков үстүбүздөгү жылдын 29-январында министрдин орун басарлыгына келген. Ага чейин ал КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана экспертиза кылуу департаментинин директору болчу.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх