Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Аида Исмаилованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Мындай чечим Исмаилованын вице-премьерлик кызматка дайындалганына байланыштуу кабыл алынды

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Республики-Ата Журт» парламенттик фракциясынан депутаты Аида Исмаилованын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги №61 жарлыгы менен Исмаилова Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган, ошондой эле ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча 2020-жылдын 4-апрелиндеги анын жеке арызы келип түшкөн.

КРнын БШКнын маалыматтык бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх