Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмоналиев: «Түркиянын элчиси министр Чыңгыз Айдарбековду ашата сөктү. Ал үндөбөй туруп берди»

Юрист Кыргызстандын ТИМи Женгиз Камил Фыратты эчак эле ордуна отургузуш керек эле деп эсептейт

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат буга чейин бир катар жолу ата мекендик ТИМдин кызматкерлерин орой сөккөн, бирок, министр баш болуп ага каршы бир ооз сүйлөй алышкан эмес. КРнын Дипломатиялык академиясынын экс-проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевди бул жагдайга айраң-таң.

- Горький - Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Beta Stores имаратын талкуулоо боюнча министрдин орун басары менен өткөн жолугушууда (кайсы орун басары экенин айтпай эле коёюн) Түркиянын элчиси колундагы папкасын аны көздөй ыргытып, англисче сөгүп туруп баса берген, - деп айтып берди Осмоналиев.

Юристтин айтымында, ошондой эле конференциялардын биринде Женгиз Камиль Фырат өлкөнүн тышкы саясатын тескеген мекеменин кызматкерлерин бекерпоздор деп мыскылдаган.

- Марттын аягында болсо ал министр жана башка бир нече адам менен жолугат, - деп сөзүн улантты Дипакадемиянын мурдагы проректору. – Жыйынтыкта элчи Чыңгыз Айдарбековду Beta Stores боюнча жардам бербейсиңер деп аракетсиздикке айыптап, аны да тилдеген. Муну бардыгы уккан. Мындай жолугушууларда видеофиксация да болушу керек, анын үстүнө. Министр кайра эле унчукпай туруп берген.

Кайрат Осмоналиев бул окуялардын чындыгын министрликтин учурдагы кызматкери менен мекемеде иштеп кеткен эки адам ырастап бергенин белгилейт.
«Алар абдан ишенимдү булактар», - дейт ал.

Дипломатиялык академиянын мурдагы проректору Женгиз Камил Фыратты эчак эле ордуна отургузуп коюш керек эле деп эсептейт. Дароо эле «нон грат персонасы» деп жарыялап жиберүү деле керек эмес. Бирок, айткан сөздөрү боюнча аккредитациясын жокко чыгарып, расмий кат жөнөтүүлөрдүн тизмесинен чыгарып, дипломатиялык автомобилдик номерин узартпай коюну Осмоналиев сунуштайт.

- Мындан сырткары, Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуга түздөн түз эле кайрылса болот. -Мейли өнүккөн өлкөдөн болсун, бир бети жок бизге келип, ушинтип кыйын болуп жатканына жаран катары менин ичим ачышат. ТИМ болсо дайыма эле унчукпай кутулгандын аракетин көрөт. Коркушабы же мындай тажрыйбаны билишпейби - белгисиз.

Эске салсак, Түркиянын элчиси 2019-жылы май айында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ифтардан көз көрүнөө чыгып кетип, коомдук жаңжал чыгарган. Ал «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын да иш-чарага чакырылганына ачуусу келген.
«Рамазан айында террористти чакырыпсыңар, бул эмне деген муфтият? Мен силерге 35 млн долларга мечит куруп бердим, силер болсо мени террорист менен бир жерге отургузасыңар. Эмнеге силер ФЕТОнун башчысын бул жакка чакырасыңар? Же Түркияны же террористттерди тандагыла», — деп кыйкырган анда Женгиз Камиль Фырат.

2019-жылдын июнь айында Түркиянын элчиси Чүй облусунун Орок айылында орун алган жаңжалга барып алган. Ал кийин түрк элчилигинде иштеген кызматкер аялды алып кеткени үчүн эле барганын түшүндүргөн, бирок, ТИМ баары бир ага өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө суранычы менен нота тапшырган.

2020-жылдын январында Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Женгиз Камил Фыратка каршы берген арызын карап жатканы белгилүү болгон. Аскар Айтматов Фетхуллах Гюлендин (Фето) террористтик уюмуна катышы бар деп айыптаганы үчүн эл алдында кечирим суроону талап кылган.

- Эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак мамилени чыңдоонун ордуна Түркиянын элчиси чыр чыгарып жүрөт, - деп баш чайкады Кайрат Осмоналиев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Mambetova 13.04.2020 12:43
Менден мурунку бул жерде кээбир авторлор айтылган пикирлерге толук кошулам!
Туркиянын өзүн өзү эң бийик тандап, жалаң эле борбор азиялык өлкөлөлөрдөн эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү элдерден өзү-өзү жогору көтөргөн амбициялуу өлкөнү бүт дүйнө жүзү билет, ошон үчүн жаман көрөт! Биз бир-тууганбыз, мусулманбыз, деп эле, жармашып алып, бийлегиси бар! Бирок, биз аларга эч качан кошула албайбыз, анткени, жолубуз башка, каныбыз башка! Каныбызда түрктөрдүкүнөн башка, толуп жаткан - кытайдын, моңголдун, уйгурдун, өзбөктин, казактын, европалык кандар толуп жатат, бирок ал кандар эч нерсени чече албайт, анткени, кыргыздар легендарлык, Эң байыркы, эң күчтүү батыштан келишкен Гунндардын, Скифтердин, Чыгыш славяндардын генетикалары бүтүп калган да, ошолор ээлейт! Аларды биз өзгөртө албайбыз! Чыгыш славяндарбыз, генетикабыз боюнча Андроновторбуз, таза Аруу эл болобуз! Биздин тарыхды кытайдын илгерки жазуулары боюнча кыргыздарды "БОЮ бийик, көзү көк, бети ак, сары сакал, сары чач адамдар болушкан деп жазылат! Азыркы биздин мамлекет башчылары, жана илимпоздорубуз Кытайга официалдык түрдө сураныч менен кайрылып; Кыргыздар жөнүндөгү жазылган, айтылган билимдерин баарын бизге берип, кыргыз тилге котортуу үчүн жардам берсеңер деп сурашкан, ал суроо кабыл алынган, ошон үчүн баары алдыда!
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх