Депутат Саламаттыкты сактоо министрине: Эмнеге сиз дарыгерлерди коргобойсуз? Сиз алардын атасысыз да!
Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлер алгач жеке коргонуучу каражаттарсыз иштешкенин ырастады
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев дарыгерлердин коронавирустук инфекцияны жуктуруп алганы боюнча Финансы министрлигинин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштады.
- Күн тартибинде мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо көрсөтүлгөн, бирок, башкы прокуратура Минфиндин дагы жоопкерчилигин карап чыгууга тийиш, - деди эл өкүлү. -Алар акчаны убагында которбой койгондуктан элдер жеке коргонуу каражаттарын сатып ала албай, бул дарыгерлердин илдетти жуктуруп алуусуна алып келди. Бүгүнкү күндө дарыгерлер ыйлап жатышат, системадагы жетишсиздик жөнүндө ачык айтышса, аларды мажбурлап кечирим суратып атышат. Эмнег сиз министр катары аларды коргобойсуз? Сиз алардын атасысыз го!
Жаңы саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өз кезегинде чындыгында эле алгач медкызматкерлер атайын коргонуучу каражаттарсыз иштешкенин ырастады.
- Азыр өкмөттө ооруга чалдыккан медкызматкерлерге компенсация төлөп берүү маселеси каралууда, - деп белгиледи ал. - Мага чынында менин кесиптештерим мындай абалга калып, ооруп калышканына ичим ачышат. Биринчи күндөрү чын эле коргоочу каражаттар жетишсиз болуп жаткан, бирок, азыр бардыгын камсыздадык. Комиссия дарыгерлер кандай жагдайда ооруп калышканын иликтейт.
Зулайка Эркимбаева
Фото www