«Милиция кызматкерлеринде тартип бузуучуларды видеого тартууга укуктары барбы?». Кубатбек Боронов депутаттын суроосуна жооп бере алган жок
Биринчи вице-премьер бул маселени тактап, кийинчерээк жооп берерин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова тартип бузуучуларды видеого тартып, соцтармактарда тараткан укук коргоо органдарынын аракеттерине өкмөттүн көңүлүн бурду.
Парламент мүчөсү коомдук резонанс жараткан акыркы бир нече мисалды эске салды.
- Кичинекей кыздарды видеого тартып, интернетте таратып жатышат, - деди Мавлянова. - Мен милиция кызматкерлеринин эмгегин сыйлайм жана баалайм, бирок, аларда тартип бузгандарды видеого тартуу укугу барбы? Тийишүүнүн да белгилери бар. Болушунча кыжырларына тийип анан тарта башташат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттын суроосуна жооп бере алган жок.
- Укук коргоо органдары өзгөчө абал режимин бузгандарды жоопкерчиликке тартууга укуктуу, ал эми видеого байланыштуу менде маалымат жок, мен муну тактап анан жооп берем, - деген аткаминер.
Зулайка Эркимбаева
Фото www