Исхак Масалиев ЖК депутаттарына берилчү бир катар төлөмдөрдөн баш тартып, каражатты коронавируска каршы күрөшкө которууну сунуштады
Исхак Масалиев президент, премьер жана спикерге 30 млн сомдон COVID-19 менен күрөшүүгө которууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коронавируска каршы күрөш боюнча бир катар сунуштарын айтып чыкты.
Парламент мүчөсү кесиптештерине кайрылып, депутаттар өздөрү карантиндин талаптарын бузуп жатканына көңүл бурду.
- Бүгүнкү күндө депутаттар колдон келген жардамдарын көрсөтүп жатат, - деди Масалиев. - Бир айлык маянабызды котордук, кээ бир эл өкүлдөрү каражат которууну улантышууда. Бирок, бул көйгөйдү чечпейт. Биринчиден, конституцияга ылайык, Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасы, андыктан Жогорку Кеңеш координацияны өз колуна алууга тийиш. Мамлекеттик штабдын башчысы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президентке эмес парламенттин спикерине маалымат бериши керек. Күн сайын. Биз өзгөчө абал киргизип, бирок, өзүбүз аны бузуп жатабыз. Күн сайын ушул имаратта миңге жакын киши чогулуп жатат. Иш тартибин өзгөртүп, фракция жана комиттетердин режимине өтсөк болмок.
Эл өкүлү ошондой эле финансылык жардам боюнча дагы сунуш киргизди.
-Премьер, президент, спикердин 30 млн сомдон эсептери бар, - деп баса белгиледи ал. Бул каражатты коронавируска каршы эсепке которуу керек деп эсептейм. Ошондой эле депутаттар маянасын гана калтырса болмок. Биз өкүлдүк жана транспорт төлөмдөрүнөн, ошондой эле баш, иш сапарларынан баш тартып, үнөмдөлгөн акчаны COVID-19 менен күрөшкө которо алмакпыз.
Мындан сырткары, Масалиев дарыгерлерге убадаланган кошумча төлөмдөр дагы эле которула электигин айтып, өкмөттү сынга алды.
- Биз сиздер менен элден кечирим сурашыбыз керек, - деди ал.
Зулайка Эркимбаева
Фото www