Алтынбек Сулайманов: Казакстан ун чыгарууга салган тыюусун алсын, болбосо аларга суу бербегиле
Депутат өкмөткө нефть жана газ маселесин чечүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, газ жана күйүүчү май маселесин чечүү үчүн «Газпром» компаниясы менен сүйлөшүүнү талап кылды
- Бардык өлкөлөрдө тамак-аш кымбаттап, нефть баштаган башка товарлар арзандап жатат, - деди эл өкүлү. Бизде болсо күйүүчү майдын баасы ошол бойдон. Жазгы талаа иштери башталды, азыр бул абдан маанилүү. Газпром менен сүйлөшкүлө. Газдын баасын да талкуулагыла биротоло. Эмнеге алар азыркыдай оор кырдаалда бааларды көтөрүшөт? Өзбекстанда алар бир куб газды 125 доллардан сатып алып, бизге 230 доллардан сатып жатышат.
Мындан сырткары, депутат Кыргызстанга коңшу Казакстандын уну келбей жатканына дагы нааразы болду.
- Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүлө, унга болгон экспортко тыюуну алышсын, - деп белгиледи ал. - Эмнеге биз 1982-жылкы макулдашуу боюнча аларга үч суу сактагычтан суу беребиз? Анда суу берүүнү да токтоткула.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев газга болгон баа кымбаттабай турганы депутатка айтты.
-Күйүүчү май боюнча иш жүрүп жатат, учурда ушул жылдын башынан тарта 1, 5 сомго азайган. - Газ боюнча, келишим доллар менен түзүлгөндүктөн валютанын курсуна байланыштуу алар бааны көтөрмөкчү болгон, бирок, премьер компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, газдын баасы мурдагы бойдон каларын чечишкен.
Зулайка Эркимбаева
Фото www