«Түркиянын элчиси эч качан Кыргызстандын тышкы иштер министрин мазактаган эмес»
Муну менен бирге ИИМ окуянын бардык чоо-жайын ачыктай алышпай турганын мойнуна алышты
Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду эч качан мазактаган эмес. Мындай маалыматты өлкөнүн Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү КРнын ТИМнин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбайдын катышуусунда өткөн басма сөз жыйынга шилтеме кылуу менен билдирди.
«Элчи эч качан министрди мазактаган эмес, - деген ал. - Биз бардыгын ачыктай албайбыз. Бирок, элчинин тилдегени боюнча маалымат так эмес. Биздин элчилер жана башка өлкөлөрдүн элчилери дагы дипломатиялык эрежелерди сакташат. Мен жарандарды мындай сөздөргө ишенбөөгө чакырам».
Буга чейин Vesti.kg Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ата мекендик ТИМдин кызматкерлерин буга чейин бир катар жолу тилдеп, мазактаганын, ага министр баш болуп үндөбөй туруп бергенин айткан ТИМнин Дипломатиялык академиясынын мурдагы проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин сөздөрүн жарыялаган эле.
Фото www