Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бек Борбиев: Раим Матраимов жакшы ырдайт, футбол ойнойт. Достукка бекем жана сөзүнө турган жигит

Белгилүү ырчынын айтымында бийликтин каршылаштары МККнын  башчысынын мурдагы орун басарынан «монстр» кылып жиберишкен. Бирок, ал Матраимовдун андай эмес экенин жакшы билет

Белгилүү кыргыз ырчысы Бек Борбиев НБТ телеканалына маек куруп, көрөрмандарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берген. Мисалга, ал бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен тааныш экенин, эмне себептен ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ырлары жакпай турганын жана эмне үчүн депутат боло албасын айтып берген.

Мурдагы өлкө башчысы өзү сөздөрүн жазып, ырдап чыккан ырлары туурасында берилген суроолорго Борбиев ага Атамбаевдин ырларынын сөздөрү да, обону да эч качан жакпаганын белгилеген.

«Ачыгын айтсам, мен анын ырларын толук деле уккан эмесмин. Ленталардан көрбөптүрмүн. ТВдан көрсөтүп калса башка каналга которуп же сыналгыны таптакыр эле өчүрүп салчумун. Мага ал адамдын ырдаганы эле эмес, анын сүйлөгөнү да жакчу эмес. Кээ бир көрөрмандар мени туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Мен уккум келбеген ырлардын арасында Атамбаевдин ыры бар болчу. Анын чыгармачылыгына сын тага албайм, анткени, ырларын деле кулак төшөп уккан эмесмин», - деген ырчы.

Аткаруучу депутат болуу үчүн көп суммадагы акчаң болушу керектигин, андай акча анда жок экенин айткан.

«Анчалык көп акча мага окшоп шоу-бизнесте иштегендерде жок. Мисалы, биз ырчылар өмүрү колубузга 500 миң долларды кармап көргөн эмеспиз. Чынын айтканда, менде депутат болуу мүмкүндүгү жок. Эгер шайлоо партиялык тизмени алып салып, бир мандаттык система менен өтсө элге жеңил болмок. Азыр эл өкүлдөрү жок. Кичи мекендерине жардам берип жүргөн колунда бар депутаттар бар. Кээ бир депутаттарды эл тааныбайт. Эл менен депутаттардын ортосундагы аралык узарып кетти. Мына ушул үчүн эл 120 депутатты койлор деп жаман көрүп жатышат», - деген Борбиев.

Артист азыркы бийликтин каршылаштары бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдон «монстр» кылып жиберишкенин белгиледи.

«Раим Матраимов менен бир бажыда иштеген эмесмин, анткени, ал Ошто иштечү. Биз таанышпыз. Кесиптеш катары жакшы мамиледе болдук. Мен Бишкекте түндүк бажыда, темир жолдо иштедим. Раим менен азыр деле жакшы мамиледебиз, мурдагыдай эмес эми, албетте. Мурда чогулуштарда жолугуп калчубуз. Бийликтин каршылаштары Раимден монстр кылып жиберишти. Ал жакшы жигит. Бардык тараптан өнүккөн. Ырды жакшы түшүнгөн, өзү да ырдаган бала. Спортчу, футбол, волейбол ойнойт. Жеке мен үчүн ал эч кандай монстр эмес. Аны азыркы бийликке жармаштырып жатышат. Бул жерден саясат жөнүндө сүйлөбөй эле коёюн, адамдык сапаттары туурасында эле айта кетейин. Достукка бекем, сөздөрүнө турган кыргыздын нукура жигиттеринин бири. Мен муну кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарымды көздөп айтып жаткан жерим жок. Интернетте жазышкан терс пикирлердин көбүнө көңүл деле бурбайм. Бул адамды көп жылдардан бери билем. Мындай адамдын колунан эч качан жамандык келбейт деп ойлойм», - деген Борбиев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх