Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМК Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазовду колонияга которот

Мындай чечимди атайын комиссия кабыл алган

Бишкектеги СИЗО-1де ЖАМКнын атайын комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, 86 адамдын кармоо режими жана жаза өтүү жерлери каралып чыкты.

Бүгүнкү жыйында башкалар менен катар Кыргыз Республикасынын мурдагы министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдин, «Электр станциялары» ААКнун башкы директору Салайдин Авазовдун жаза өтүү жерлери жана кармоо режимдери да каралган.

Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Атайын комиссия Сапар Исаковду жалпы режимдеги № 8, Жантөрө Сатыбалдиевди жалпы режимдеги № 47, ал эми Салайдин Авазовду жалпы режимдеги № 27-абакка жазаларын өтөө үчүн которуу чечимин чыгарган

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх