“Биз элди көпкө карантинде кармай албайбыз”. Абылгазиев ЖКда отчет берди
Өкмөт үч айга жеткидей ПЦР тесттерди сатып алууну пландап жатат
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 746 адамдын ичинен 561ине COVID-19 өлкө ичинде жуккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдады.
- Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча ооругандардын чаны 746га жетти, - деп белгиледи ал. - Алардын ичинен 185 учур - чет мамлекеттерден жуктуруп келгендер, 561 жаран - өлкө аймагынан илдетке чалдыккан.
Өкмөт башчысынын айтымында учурда вирус менен күрөшкө алты миңден ашык медициналык кызматкер тартылганП.
- Алардын ичинен 3635 кызматкер карантиндик аймактар менен ооруканаларда эмгектенишүүдө, - деди Абылгазиев.
Премьер, ошондой эле COVID-19 илдетине күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн билдирди.
- Бул каражаттын 500 миллиону сарпталды, 215 миллион сом жеке коргонуучу каражаттар менен дары-дармектерди алууга кетти, - деп тактады ал. - Мындан сырткары, эки депозиттик эсеп түзүлгөн. Бир эсептеги каражат толугу менен медициналык кызматкерлерди колдоого багытталган.
Кабминдин башчысы өкмөт ПЦР тесттерди запас менен алып коюуну пландап жатканын белгиледи.
- Жалпысынан 46 миң ПЦР тесттер бар, алардын 35 миңи колдонулду, - деди Абылгазиев. - Ошондой эле мындай тесттерди үч айлык запас менен алууну пландап жатабыз. Жеке коргонуучу каражаттар боюнча, запастар жетиштүү: бир жолку колдонулуучу коргонуучу костюмдардан 48 миңден ашык даанасы бар, көп жолкулардан - 20 миң 666 жана 83 миңден ашык респиратор бар.
Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында Өзгөчө абал режими өзгөчө зарыл экенни белгиледи.
- Массалык жуктуруу коркунучу Бишкек жана Ош шаарларында чоң, өзгөчө борбор калаада, анткени, ооругандар вирус кимден жукканын билишпейт, - деди премьер-министр. - Бирок, биз элди көпкө карантинде кармай албайбыз, ошондуктан 1-майдан тарта айрым тармактардын этап менен ишке жандануусун иштеп чыктык.
Ал карантин маалында аймактардагы 96 миң үй-бүлөгө 6 миң тонна ун жеткирилгенин белгиледи. Ошондой эле 439 миң үй-бүлө биринчи керектөөдөгү азык-түлүк баштыктарын алышкан.
Зулайка Эркимбаева
Гулиза Чудубаева
Фото www