«Өз каалоолору менен кечирим сурашкан». Башкы прокуратура УКМК жарандарды кечирим суроого мажбурлаган эмес деп тапты (фото)
Дастан Бекешев башкы көзөмөл органынын анын суроосуна берген жообун жарыялады
Депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурага кайрылып, чекисттер чын эле фейк маалыматтарды жарыялаган жарандар менен дарыгерлерди кечирим суроого мажбурлаганбы текшерип, чын болсо УКМКнын кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүүнү сураган. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган.
Башкы көзөмөл органы парламент мүчөсүнө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыкта мажбурлоо фактылары аныкталбаганын айтып жооп беришкен.
«Тасмалардын авторлору өз каалоолору менен эл алдында кечирим сурашкан, мыйзам тарабынан мындайга тыюу салынган эмес», - деп жооп беришкен Башкы прокуратурадан Бекешевге.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктардын арасында УКМК менен ИИМ күн сайын коронавируска же дарыгерлердин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышына байланышкан тастыкталбаган маалыматты таратышканы айтылган жарандардын кечирим сурап жатышкан видеолорун жарыялашканы нааразычылыктарды жараткан.
Фото www