ТИМ: Казакстандын бийлиги биздин мигранттардын автоунаа менен өтүшүнө жол бербей жатышат
Коңшу мамлекеттин бийлиги кыргызстандыктарды автобус менен алып кеткенге макул болушту
Россия менен Казакстандын бийлиги орус-казак чек арасында калып калган мигранттардын унааларын калтырып, автобус менен алып кеткиле деп Кыргызстандан суранып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев билдирди.
Кабминдин башчысы кыргызстандыктарды мекенине алып келүүнү убадалады.
-Азыр биз Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар унааларды калтырып, кыргызстандыктарды автобус менен алып кеткиле деп жатышат, - деди ал. - Кийин унааларды трал менен алып кетишибиз керек болот.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын губернаторлору менен саламаттыкты сактоо министри өз коопсуздуктарына кооптонуп, мигранттарды өз өлкөсү аркылуу өткөргүлөрү келбей жатышканын белгиледи.
Гулиза Чудубаева
Фото www