Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина:Асылбек Жээнбеков умрадан келгендерди текшербегиле деген тапшырма берген

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптешинин бул сөзүн динге карата акарат катары кабыл алышты

Депутат Асылбек Жээнбеков жеке өзү Сауд Аравиясынан умрадан келгендерди коронавируска текшербегиле деген тапшырма бергендиги тууралуу маалыматы бар экенин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.

Анын айтымында Сауд Аравиясынан учуп келген ошол учактын айынан Кыргызстанда коронавирус жайылып кеткен.
-Жүргүнчүлөр кимдин айынан обсервацияга жайгаштырылбай, үйлөрүнө тарап кеткен? - деп депутат саламаттыкты сактоо министринен сураган.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ал маалда Сауд Аравиясынан келген жарандарды текшерүү милдеттүү болбогонун айткан.
Карамушкина ошол каттамдын жүргүнчүлөрүнүн арасында депутаттар, тагыраагы Асылбек Жээнбеков да болгон деген маалымат бар экенин белгиледи.

- Жээнбеков жеке өзү ошол каттамдын жүргүнчүлөрүн текшербегиле деген тапшырма берген экен, - деди ал.

«Бир Бол» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов Карамушкинанын айткандарына ачууланып кетти.
-

Динди саясатка аралаштырбаш керек, - деди ал. - Мен декабрдын аягында умрага баргам, керек болсо менден сурагыла.

Башка депутаттар дагы Сулаймановдун пикирин колдоп, Карамушкинанын сөздөрүн динге карата акарат катары кабыл алышты.

Талант Мамытов«атамбаевчилер динге кол сала башташты» деп, мындай сөздөрдү токтотууну суранды.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх